"10 жыл тоңгон муз эрип, үмүт жанды”. Курманбек Бакиев кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Фейсбук баракчасы аркылуу кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктаган билдирүү жарыялады.

Анда кыргыз жеринде жакшылыктар көп болуусун жана башаламандык, кан төгүлүү кайталанбасын каалаган.

Ошондой эле өлкөдө соңку он жылда тоңгон муз эрип, кошо тоңгон кеме кыймылдай баштаганын, бул нерсе ичин жылытып, үмүт отун жандырганын жазган.

Куттуктоонун тексти төмөндөгүдөй:

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Ардактуу кыргыз элим! Эң оболу жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2022-жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын атынан чын дилимден куттуктайм.

Жаңы жыл Кыргыздын ар бир үй-бүлөсүнө бак-таалайдын, ырыскынын, ынтымактын жылы болсун.

Өлкөбүздө тополоң-тос, башаламандык, кагылышуу, кан төгүлүү сыяктуу эч кимге керек эмес каргашалар кайталанбасын.

Кыргыз элим илгеркидей бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, аксакалдар туура сөзүн сүйлөгөн калыс болуп, жаштарыбыз жамандыктан алыс болуп, сын көз менен карап турган башка элге үлгү бололу.

Соц.тармактардан мени жана менин үй-бүлөмдү жаңы жыл менен куттукташып, жакшы тилектерин, таза каалоолорун жазып жатышкан мекендештериме чын жүрөктөн ыраазы болуп, рахмат айтамын.

Силердин мага карата жазган куттуктоо сөздөрүңөр, асыл тилектериңер көп жылдан бери сыртта жүргөн мага күч-кубат, дем берип жатты. Мүмкүнчүлүк болсо ар бириңдин аты-жөнүңөрдү өзүнчө атап, ар бириңерге рахматымды, каалоомду айтсам жарашмак. Бирок андайга убактым жетпешин жакшы түшүнөсүңөр. Ошондуктан баарыңарга болгон ой тилегим бирдей.

Өлкөдө акыркы он жыл ичинде тоңгон муз эрип, муз менен кошо тоңуп турган кеме кыймылдап, жакшылыкка, өнүгүүгө багыт алып сапар тартканы сезилип турат. Бул нерсе менин да ичимди жылытып, ички дүйнөмдө жакшылыктын үмүтүн жандырды.

Өз элин ойлогон адам кандай шартта, кайсы жерде болбосун жүрөгүндө өзүнүн туулган жери, боордош эли менен бирге болот.

Ошондуктан өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө кыргыз элим менен кошо мен да кубанып жатам.

Ылайым эле Кыргызстаныбыз гүлдөп, кыргыз элим жамандык көрбөй жашасын.

Оору-сыркоодон, өлүм-житимден сыртта болуп, жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алыңыздар.

Урматым менен…

Курманбек Салиевич

Минск шаары, 30.12.2021


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан