Футболчу Ислам Шамшиев "Дордой" футболдук клубуна кайтып келди. Бул тууралуу бишкектик клубдун басма сөз кызматы кабарлады.
"Ислам Шамшиев бизге кайтып келгенин кабарлайбыз. Тараптар эки жылдык келишимге кол коюшту", - деп билдирди футболдук клубдун басма сөз кызматы.
Ислам Шамшиев өткөн сезонду Оштун "Алай" клубунда өткөргөн.