Бишкекте авиакассада тоноочулук фактысы катталды

Бишкек шаарында тоноо фактысына шектелген жаран кармалганын 30-декабрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 25-декабрь күнү кечинде Бишкектеги Чүй проспектисинде жайгашкан авиакассада тоноо болгон. Анда эркек адам аялдын iPhone телефонун жана 34 миң 700 сомун күч менен тартып алган.

Бул факты реестрге катталып, издөө иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1995-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция аталган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жогун тактап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан