"Манас" эл аралык аэропортунда учактар кармалып, жүргүнчүлөр нааразы болуп чыгышты. Алардын видеосу социалдык тармакка жарыяланып, митинг дагы деле уланып жатканы айтылды. Аэропорттун маалымат кызматына байланышканыбызда учурга карата абал тынч экенин белгилешти.
"Митинг дагы деле уланып жатат деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Аба ырайына байланыштуу коюу туман пайда болгондо аба каттамдар кармалууда.
Бизге жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу маанилүү", - дейт маалымат катчы.
Учурда Алматы шаарындагы кошумча аэродромдо 3 учак, Ош шаарындагы аэропортто 1 учак кармалып турат деп кошумчалашты.