Юстиция министрлигине караштуу ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган чечим министрлер кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу процесстерине илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынган.
Мындан улам жана «министрлер кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамына 17, 22-беренелерине ылайык Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтун түзүү чечими кабыл алынды.
Буга катар Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө жобо бекитилди.