Гүлшайыр Садыбакасова "Даңк" ордени менен сыйланды (толук тизме)

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр Даңк" ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Абдраков Кубанычбек Касмакунович

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалынын директору;

Долоталиева Дамира Темирбековна

Кыргыз Республикасынын Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак корпорациясы кызматчыларынын жана башка ишкерлердин кесиптик союзунун борбордук комитетинин төрагасы;

Козубеков Кубанычбек

“Манас тренинг борбору” жоопкерчилиги чектелген коомунун окуу бөлүмүнүн окутуучусу, Бишкек шаары;

Малдыбаев Болотбек Абдыласович

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинин музыка кафедрасынын профессору;

Сагымбаев Марат Акимович

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директору;

Садыбакасова Гүлшайыр

Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору;

Сиротин Геннадий Павлович

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын инструменталдык цехинин начальниги;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан