Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын жогорку категориядагы актёру Нурдөөлөт Копоев жана эстрада ырчысы, Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын актрисасы Асем Токторбекова сыйланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.