Базар-Коргон шаарынын балатысы өрттөндү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында балаты өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-декабрда таңга жуук саат 05:44тө Базар-Коргон шаарында Жаңы жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине №78 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49да чектөөгө алынып, толук 05:52де өчүрүлгөн.

Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
EddieNigma
2021-12-31 13:16:02
Халалбайлар күйгүзгөн окшойт.
-2
Bishkek-Kg
2021-12-31 13:17:41
Соонун болуптур.
-2
Agayu
2021-12-31 13:46:04
Эки тоонун чобун энсеген эчки ортодо ачка калат дегендей .Жэ Араб болбой жэ Кыргыз болбой ортодо карыбыз да жок калды , акыркы жылдары .Эх жаштык кез сонун болчу .Жаны жыл деген мааналайрыбыз беш болчу , курошкон жашоодо бир аз тыныгып эс алып алчу у элек .Азыр курош курош .но эс алуу жок .Озубуз ошону тандаш алдык .Боьокторубузду да озубузго тенеп койдук .Алардын балалыгын лишить эттик. Эртен алар эмнени эстешет .?
+7
Rusi79
2021-12-31 14:12:21
Бироолордун бир жерине ёлканын ийнеси сайып жаткан окшойт,кылган немелер жакшы иш кылдык деп жаткандыр,сен тундо ууруларча жашырынып барып ортогон манкуртсун да,ушунча момун мусулман болсон тообо кылып эч нерсеге зыянынды тийгизбе.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан