Биз социалдык тармакта

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктап, куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«2021-жыл достук, кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар ​​аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара аракеттенүү, коронавирустук пандемияга каршы күрөштө күч-аракеттерди координациялоо күчөтүлдү. Биз Орусия менен Кыргыз жергесинин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты - элдин жыргалчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү түзө берээрибизге ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми бардык кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2021-12-31 13:32:34
Эртең Жаңы Жыл. Баары кайра жаңыдан башталат, ал жакшы болот.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан