Жалал-Абад шаарында коомдук транспорттор жаңы жыл түнү саат 01:00гө чейин кызмат көрсөтөт

Жалал-Абад шаарында коомдук транспорттор түнкү саат 01:00гө чейин кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-декабрь күнү Жалал-Абад шаарындагы кичи автобустар 22:00гө чейин кадимки шартта иштейт. Ал эми №101, 105, 108, 109, 110 маршруттук каттамдардан 4төн кичи автобустар түнкү саат он экиге чейин "Эркиндик" аянтында жана Ленин көчөсүндө (ЖАГУнун маңдайында) нөөмөттө турат.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын автобустары кечки саат 20:00гө чейин кадимки шартта иштешсе, №8, 9 автобустук каттамдарында түнкү саат 01:00гө чейин эки автобус нөөмөт менен каттамга чыгат.

Жол акы өзгөртүүсүз баа менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан