2021-жылдын 31-декабрында Гүлшан Молдоева Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн "Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы менен сыйлангандыгы кабарланган.
Мындан улам SUPER.KG порталы Гүлшан Молдоевага сыйлык алышы менен куттуктап байланышты. Гүлшан Молдоева сыйлык ал үчүн күтүүсүз болгонун айтты.
- Саламатсызбы? Гүлшан эже, алып жаткан сыйлыгыңыз кут болсун. Ушул сыйлыктын артында канча жылдык эмгегиңиз турат?
- Кудайга шүгүр, эми бардык мен алып келе жаткан сыйлыктын артында жалпы кыргыз элим турат, элиме ыраазымын. Андан сырткары, өкмөт деле эч бир сыйлыгынан калтырган жок, качан алам деп деле күткөн эмесмин чынын айтканда, сыйлык күтүүсүз болду. Элимдин ушул убакка чейин сиз татыктуусуз, сиз элдиксиз деген сөзүн угуп келе жатам, эмгегимди элим баалап жаткандан кийин бул сыйлык жеке эле меники эмес, элимдики десем болот.
- Гүлшан эже, айтып өтсөңүз ушул чыгармачылык чөйрөдө эмгек кылып келе жатканыңызга канча жылдын жүзү болду?
- Чыгармачылык чөйрөдө институтту бүтүп келгенден кийин эле 21 жашымдан бери иштеп келе жатам. Кудайым буюрса, бул чөйрөдө жүргөнүмө 43 жыл болду. 43 жылдан бери экрандан түшпөй эле иштеп келе жатам. Кыргыз телевидениясынын тарыхында эфирден түшпөй эле, көптөн бери иштеп келе жаткан аялдардын арасынан диктор мен эле экенмин. Мынчалык узун убакытка эч бир диктор иштеген эмес экен. Мен рекорд койдум окшойт деп ойлоп жатам. Бүгүн кечинде дагы эфирден көрүп каласыздар буюрса. Эл-журтумду куттуктап, 1-январда "Арноо концертинен" жана радиодон дагы эфирге чыгам.
- Убакыттан пайдаланып элибизди кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен кутуктап, каалоо тилегиңизди айтып кетсеңиз болот.
- Өтүп бараткан уй жылыбыз абдан жакшы жылдардан болду десем болот, анткени эң башкысы эли-журтубузда тынчтык болду, башыбыз аман.
Кирип келе жаткан жылыбыз да өткөн жылдагыдай жакшы, ийгиликтин жылы болушуна тилектешмин. Ушул жылыбызды жакшынакай каалоо-тилектер жана майрамдык маанай менен тосуп алалы деп турабыз. Ал эми элиме дагы да тынчтык каалайм. Бакыт, ырыскы, кут берген, жакшы жаңылыктар менен коштолгон жылдардан болсун. Элибиз аман болуп, дайыма өлкөбүздө тынчтык жана өсүү өнүгүү болуп, өлкөбүз чоң, бийик деңгээлге жеткен мамлекеттерден болсун.