Бишкек шаарында милиция кызматкеринин документин жасалма жол менен жасатып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Бишкекте өзүн ИИМдин кызматкеримин деп тааныштырган 1989-жылы туулган У.Д. аттуу жаран кармалды. Ошондой эле кармалган жарандан 8 даана өлчөмдөгү огу бар белгисиз үлгүдөгү тапанча жана шектүү үлгүдөгү маалымкат табылган.
Андан аркы иш-чаранын жүрүшүндө У.Д. аттуу жаранга таандык автоунаага текшерүү жүргүзүлүп, анда "ИИМ" деген жазуусу бар кара түстөгү жилет табылып, алынган. Алынган курал жана ок-дарылар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин ("документтерди жасалмалоо") негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.