Бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургуну Наргиза Жанекованын үйүнө барып, балдарына Жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Наргиза Жанекованын 2-класста окуган кызы Хадижа Мирланова Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кат жазып, өзүнө, агасына жана инисине майрамдык белек берүүсүн өтүнгөн.
Жаңы жылды утурлай өтүнүчтү аткарууну көздөгөн Талант Мамытов Хадичага планшет жана сүрөт тартууга керектүү кагаз-калем, агасына ноутбук, инисине оюнчуктарды белекке берди. Ошондой эле аталган үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.