Президент Садыр Жапаров "Голос" теледолбоорунун мааракелик сезонунун жеңүүчүсүн куттуктады. Бул тууралуу президент социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Жаңы жылдын алдында жалпы кыргыз элин кубандырган эң сонун жаңылык Москвадан келди. Мекендешибиз Александр Волкодав абройлуу «Голос» теледолбоорунун мааракелик сезонунун жеңүүчүсү болду. Бул чет элдик вокалдык шоунун финалын миллиондогон көрүүчүлөр бир дем менен көрүп отурду десек аша чапкан болбойбуз.
Бүт өлкө Александр Волкодавды телеэкрандан сүрөп турушту.
Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди.
Мекендештерибиздин арасында Кыргыз мамлекетинин даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн Жаңы жылдык эң сонун белек болду", - деп жазылат куттуктоодо.