Бүгүн, 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Жаңы жыл майрамына карата концерт өтүүдө.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев шаар тургундарын куттуктады. "Кыргыз элин кирип келген Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Келе жаткан жыл жергебизге тынчтык, бейкуттук алып келсин. Биз шаардын өнүгүшү үчүн талбай эмгек кыла бермекчибиз", - деди ал.