"Ала-Тоо" аянтында Айсулуу Тыныбекова кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
"Бул майрам баарыбызды үмүттөр менен бириктирип келет. Өткөн жыл жеңиштин жылы болду. Алдыда маанилүү милдеттер турат. Анын бири Олимпиада оюндары. Бул жыл бардык жакшы ниеттерди орундатсын", - дейт Айсулуу Тыныбекова.
Бүгүн, 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Жаңы жыл майрамына карата концерт өтүүдө.