Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Атап айтканда, тараптар Кыргыз-Кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.
Тараптар бири-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.