Орусиялык "Голос" шоусунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон мекендешибиз Александр Волкодав сезимдери менен бөлүштү. Ал социалдык тармактагы баракчасына ою топтолбой жатканын жазып калтырды.
"Долбоордун насаатчысы Пелагеяга, анын апасы Светлана Геннадьевнага, ошондой эле вокал мугалимиме ыраазычылык билдирем. Эмоцияларымды туура айтып берүүгө дагы эле сөз таба албай жатам, бардык ойлорумду чогултууга бир аз убакыт керек. Бир аз убакыт бергиле, өзүмө келип алайын. Пелагеянын мыкты командасынын намысы корголду. Бул биздин жалпы жеңишибиз!", - деп жазды Александр Волкодав Instagram баракчасына.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун финалына төрт катышуучу өткөн: Кыргыз өлкөсүнөн Александр Волкодав, казакстандык Алишер Каримов жана Ернар Садирбаев жана Орусиянын атынан Элина Пан катышкан.
Финалдын башында катышуучулардын ар бири өз насаатчылары менен бирге ыр аткарышкан. Александр Волкодав Пелагея менен бирге голландиялык ырчы Дункан Лоуренстин популярдуу ырын аткарды. Андан соң Сергей Трофимовдун «Казачья» аттуу ырын ырдады. Ал эми жыйынтыктоочу этапта «Луч солнца золотого» чыгармасын аткарды. Калыстардын чечими менен кыргыз өлкөсүнөн барган ырчы долбоордун жеңүүчүсү болду.
Эскерте кетсек, Александр Волкодав декабрь айынын башында "Голос" шоусунун кийинки туруна өткөн. Ал "ЧиЖ & Со" тобунун "Полонез" ырын аткарган.