31-декабрда Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган концертте UFC уюмунун аралаш таймаш боюнча 6 жолку дүйнө чемпиону Валентина Шевченко кыргыз элин видео аркылуу майрамы менен куттуктады.
"Ардактуу достор, урматуу мекендештер, кирип келе жаткан Жаңы жылда ар бириңиздерге бакыт, ийгилик, ден соолук, дүйнөдө болгон бардык жакшылыктарды каалайм. Ар дайым жакындарыңыздын колдоосун сезип, бири-бириңиздерди ийгиликке жетүүгө, бийик чокуларды багынтууга шыктандыргыла. Ар бириңиздер өзүңүздөрдү жеңүүчү сезгиле, анткени силер чемпионсуңар. Жаңы жылыңыздар менен!", - деди куттуктоодо Шевченко.