Казакстандын Тараз шаарында майрам түнү жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт тарыхый-маданий борбордун аймагында болгон. Балаты жангандан кийин электр зымдарынын кыска туташуусунан улам өрт чыккан. Жабыркагандар жок. Күйүү аянты 15 чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүүгө 14 өрт өчүрүүчү жана төрт техника тартылган.