Жаңы жыл салтанатынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 26 куб таштанды чыкты

Жаңы жыл салтанатынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 26 куб таштанды чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

"3 машина акыр-чикир тазаланды. Калдыктардын басымдуу бөлүгү желим баштык, үйлөмө шардын жана тамак-аш калдыктары. Таштандыларды тазалоо иштери таңкы саат 05:00дө башталып, 25 жумушчу, 3 техника тартылды. Кошумчалай кетсек, борбордук аянтка балаты орнотулгандан кийин 20 пластикалык таштанды челектери коюлуп, алар күн сайын тазаланып турду. Ошондой эле жумушчулар түнкүсүн нөөмөт менен тазалоо жумуштарын аткарышты. Тазалоо жумуштары мекеме жетекчисинин ар дайым көзөмөлүндө болууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2022-01-01 11:20:30
Рахмат ушу апаларга. Майрам күндөрү эс алышпайт, күндө саат 5 тен тарта жолдо жөө бараткандарын көрөсүн.
0
Janel2013
2022-01-01 11:22:59
Тазалыктын кызматкерлерине чоң рахмат. Аз айлык алса да ишин так аткарат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан