Кечээ, 31-декабрда майрамдык концерттен кийин "Ала-Тоо" аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирди.
"Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу жарандар! Жаңы жылды майрамдоо салт боюнча "Ала-Тоо" аянтында өттү. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери өз иштерин активдүү аткарышты. "Ала-Тоо" аянтынын аймагы, ак үйдүн айланасы, Панфилов паркы, Агропром жана Шопоков Чүй көчөлөрүнүн кесилишине чейин тазаланды. Жогорудагы көчөлөрдү тез арада тазалоо үчүн төрт райондон тең кызматкерлер тартылган. "Ала-Тоо" аянтындагы тазалыкты жана тартипти 5 техника жана 50 кызматкер камсыз кылды. 5 тонна таштанды чыгарылды", - деди басма сөз кызматынан.