Жалал-Абад облусунда жаңы жыл тынч өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында 2022-жылдын 1-январына карата коомдук абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.
Жаңы жыл түнү оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.