Борбор калаада Жаңы жылдык түн тынч өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жаңы жылдык майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан "Ала-Тоо" аянтынан 41 бала табылып, анын ичинен 39 бала ата-энелерине жана алардын ордуна келгендерге аман-эсен өткөрүлүп берилди, 2 бала ИИМге жеткирилди" - деп айтылат маалыматта.