Кечээ, 1-январда өлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Каракол шаарындагы лыжа базада эс алып жүргөнү маалым болгон.
Анда Садыр Жапаров кыргызстандыктарды лыжа тээп, эс алууга жана мындай жерге чет өлкөлүк туристтерди тартуу зарыл экенин белгилеген.
Өлкө башчынын лыжа тээп жүргөндөгү сүрөттөрү чыгары менен социалдык тармактын колдонуучулары алардын тоого кийген кийимдерин талкууга алып башташты.
Анда өлкө башчынын курткасы Lynn фирмасыныкы болушу мүмкүн жана баасы 1 миң 99 евро. Ал биздин сом менен 105 миң сомдун тегерегинде. Ал эми биринчи айымдыкы Toni Sailer брендинин кийими болушу мүмкүн жана анын баасы 140 миң сом.