Өлкөдө 593 адам коронавирус илдетинен дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 326 адам амбулатордук (үй шартында), стационарда 267 адам дарыланууда. Алардын ичинен 121 адамдын абалы оор. 146 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда.