Кыргыз өлкөсү эс алуу боюнча мурдагы союздук өлкөлөрдүн ичинен алдыга чыкты

Кыргыз өлкөсү жаңы жылда эң көп эс алгандардын сап башында турат. Бул туурасында "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналында жарыяланды.

Инфографикадагы көрсөткүч боюнча, эс алууга келгенде мурдагы союздук өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз өлкөсү сап башында. Эң аз эс алган өлкө катары Түркмөнстан көрсөтүлгөн, анын жашоочулары болгону үч күн үйдө болушат.

Эскерте кетсек, Жаңы жылдан кийин кыргыз эли 9 күн эс алат. Министрлер кабинети кабыл алган чечимге ылайык, 1-январдан 9уна чейин дем алыш деп жарыяланган. Бул күндөрү жумасына 5 күндүк график менен иштегендер жумушка чыкпайт.

Белгилеп кетсек, дем алыш күндөрүнүн узарышы 15-январь, 26-февраль жана 26-марттагы эс алуулар ушул күндөргө кошулганы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
erkegenje
2022-01-02 15:21:17
Ээ кыйратыпсынар жакшы элэ нерседен окшойт деп ойлоптурмун 1кун жетмек озу экономиканы ошолордой которуп койгула анан ошончо эс алгыла уйат уйата
+3
ErkinOkenovich
2022-01-02 17:36:31
erkegenje сын айтканды жон эле койгон болмок.биринчи жазганды уйрон,анан сын айт макулбу?уйат эмес уят,элэ эмес эле деп жазылат.
+5
Dembele84
2022-01-02 19:25:00
ErkinOkenovich,Сен манкурт озунун жазганынды карап чыкчы биринчи.Умный болуп былжырайсын го бокмурун!
-5
XATSAN125
2022-01-02 17:53:17
erkegenje,сен далдырай бересин да
+2
algakaray
2022-01-02 18:24:30
Жаткыла ошентип. Жыргап.
0
KaGaH
2022-01-02 18:59:43
Айылда круглый год эс алуу го бизде
+9
JaneEr
2022-01-02 19:13:27
Иш жок,айлык аз каждый кун дем алыш
+5
Toxa76
2022-01-02 21:41:57
Кыргызстанда ким иштеп кыйратып жатат 30 жылдан бери?Кыргызстанга барып эс алып келип Россияда туну куну иштейбиз.
+5
bond02
2022-01-02 22:39:06
Иш кундору деле кыйратпайбыз го.
+4
Dembele84
2022-01-03 03:07:12
Иш куну президент баш болуп топ тээп журсо,мындай кундор эмне болуп калыптыр бизге.Копчулугундо иш деле жок,иш кунубу дем алышпы айырмасы эмне?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан