"Шамбала" тасмасы 28-31-декабрь күндөрү Иранда өткөн Moving Film фестивалында жети сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу фильмдин режиссёру Артыкпай Сүйүндүков SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тарткан тасмасы мыкты оператор, мыкты композитор, эң мыкты үн режиссёру, мыкты монтаж, мыкты макияж, мыкты костюм, мыкты визуалдык эффект (VFX) деген категориялар боюнча сыйлыктарды алган.
"Бул фестивалга 60тан ашык өлкө катышкан. Арасынан иргелип отуруп 15 тасма фестивалга тандалып алынган. Мени кубандырганы сыйлыктардын көбүн, башкача айтканда 80 пайызын Кыргыз өлкөсү алды" - деди режиссёр.
Белгилүү кинорежиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Кыргыз өлкөсү тарабынан "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты эл аралык көркөм тасма" номинациясына тандалган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган.