Токмокто жыйылган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын Зеленая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жыйылган чөптөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 3 бөлүм тартылган, өрт саат 13:30да чектөөгө алынып, саат 13:41де толук өчүрүлдү. Учурда материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.