Министрлер кабинети өлкөдөн Евразиялык экономикалык биримдиктен тышкаркы өлкөлөргө темир чыгарууга алты айга чектөө киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Чектөө тизмесине кара металлдар, анын сыныктары жана калдыктары, куймалар кирген.
Эскерте кетсек, өлкөдө акыркы 9 айда 3 миң тонна баалуу металлдын калдыгы сатылган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкен. Маалыматка ылайык, бардык сатылган темирдин баасы 8 миллион 400 миң долларга бааланган. Алардын ичинен Орусияга - 1 067,4 тонна, Литвага - 676,1 тонна, Эстонияга - 649,8 тонна, Германияга - 396,4 тонна, Гонконгго - 55,3, Нидерландыга - 54,1 тонна металл экспорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 9 миллион 400 миң долларга же жалпы 3 168,9 тонна темир экспорттолгон.