Жаңырган жылдан тарта дүйнө жүзү боюнча миңдеген аба каттамдар токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1-январда түшкө чейин эле 4600 аба каттам токтотулган. Алардын көбү АКШнын аймагында болгон. Буга коронавирустун “Омикрон” штаммына чалдыккандардын санынын көбөйүшү себеп болгон.
"Майрамдык дем алыш күндөрү кызматкерлер жуктурган омикрон штаммынан жаңы эле айыгып келишкен, эми кызматкерлердин жумуш ордунда жоктугу каттамдардын кайрадан токтотулушуна алып келди. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери оору болуп көрбөгөндөй өсүп жатканын эскертишүүдө. Францияда вирус жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү үч күндөн бери 200 миңден ашып жатат. Британияда 189 миңден ашты. Вируска чалдыккандардын саны Португалия менен Австралияда да жогорку көрсөткүчтөргө жетти", - дейт авиа компаниялардын бири.
Ал эми бул боюнча "Манас" эл аралык аба майданына байланышканыбызда аба каттамдар өз нугунда жүрүп жатканын, бул боюнча официалдуу билдирүү жок экендигин маалымдашты.