Таласта түндө эс алуучу жайдан балдар арасында мушташ чыкты

Талас облусунда 1-январдан 2-январга караган түнү эс алуучу жайдан балдар арасында мушташ чыкты. Маалыматты облустук милициядан тастыктап, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Аталган видео боюнча Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Аталган факты маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталды.

Окуя 1-январдан 2-январга караган түнү Талас районуна караштуу "Санат" эс алуу жайынын короосунда болгон. Азыркы учурда текшерүү жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Окуя боюнча жарандардан милицияга арыз даттануулар катталган эмес", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан