"Forbes" басылмасынын маалыматы боюнча, ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор 2021-жылы дүйнөдөгү спортчулардын ичинен эң көп киреше тапкан.
Маалыматка ылайык, Макгрегор 2021-жылы атаандашы Дастин Порье менен эки жолу беттешип, экөөндө тең жеңилсе дагы атаандашына караганда көп гонорар алган. Мындан тышкары 2021-жылдын апрель айында Макгрегор өзүнүн "Proper Twelwe" виски брендинин көпчүлүк акциясын "Proximo Spiritsке" компаниясына саткан. Бул үчүн 150 миллион доллар алган.
"Forbes" журналынын маалыматы боюнча, Конор Макгрегордун 2021-жылдагы демөөрчүлүк кирешеси 158 миллион долларга бааланган. Мушкердин жалпы байлыгы 2021-жылы 400 миллион долларга бааланган.
"Forbes" басылмасынын маалыматы боюнча, мушкердин таза кирешеси (салыктардан кийин) жыл ичинде 180 миллион доллар болгон. Бул планетадагы башка спортчуларга караганда эң көп киреше.