"Челси" футболдук клубу өзүнүн бельгиялык чабуулчусу Ромелу Лукакуга акыркы маегинде күтүүсүз билдирүү жасаганынан улам нааразы болууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы футболчу журналисттерге "Интер" клубунан "Челси" клубуна өтпөшү керектигин айткан. Ал ошондой эле италиялык клубдун күйөрмандарына жылуу сөз менен кайрылып, "Интерге" кайтып барууну каалап жатканын айтып, титул алып келүүгө убада берген.
Мындан улам "Челси" клубунун күйөрмандары ага карата түрдүү сын-пикирлерди жазышууда. Ага айтылган сын-пикирлер ушул күнгө чейин социалдык тармактарда басаңдай элек. Күйөрмандар клубга жети жылдан кийин өткөн жайда гана кайтып келген Ромелу Лукакуну сатууну талап кылышууда.
"Челси" клубунун расмий Instagram баракчасына күйөрмандар төмөндөгүдөй пикирлерди жазышууда: "Лукаку ОУТ". "Лукакуну Сирия Лигасына ижарага берүү керек!". "Жиру Лукакуга караганда жакшы болчу". "Мен Лукакуну бул жерден көргүм келбейт". Муну сатуу керек!". "Ал бул жерде ойногонго татыктуу эмес."
Ромелу Лукаку 2021-жылдын август айында "Интер" клубунан "Челсиге" 115 миллион еврого өткөн. Бул сезондо бардык турнирлерде чабуулчу лондондук клуб менен 18 оюнга катышып, жети гол киргизип, өнөктөштөрүнө эки жолу голдук пас чыгарып берген.
Эске салсак, бельгиялык футболчу 2011-жылдан 2014-жылга чейин "Челси" клубунда ойногон.