Акыркы суткада коронавирус илдетинен 1 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматта каза болгон жаран Чүй облусунда катталганы айтылат. Ошондой эле ал вакцина алган эмес.
Аталган илдеттен өлкөдө жалпы 2805 бейтап каза болгон.