ЭЛДИК КАБАР: "Ичүүчү суу алган дарыябыз аппак сүттөй болуп агып жатат" дейт ноокаттык тургун (видео)

Ош облусунун Ноокат районунун тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, ичүүчү суунун тазалыгына кабатыр болуп жатканын айтты. Ошондой эле окурман "ичүүчү суу алган дарыя аппак сүттөй болуп агып жатат" деп видеосун дагы жөнөттү.

"Бул дарыядан (ред.: видеодогу) Ноокат районунун Арал, Кара-Кокту айылынын тургундары ичүүчү суу алат. Кээде ушинтип агып турат. Кээ бири участкалык милициянын имаратынын жанындагы мончону ачып жиберет десе, дагы бири Арал айылындагы мрамор таш жуучу жайдан ачылган суу дешет.

Эмнеси болсо да эл суу ичүүчү дарыядан ушундай суунун агып жатканы туура эмес да.

Ушуну тактап, сууну булгагандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бул сууну ичкен адамдар оорубайт деп ким кепилдик бере алат? Тийиштүү жетекчилер текшерип берсе жакшы болмок", - деди окурман.

Ошондой эле сууда таштандыларды кезиктирүүгө болорун кошумчалап өттү.

"Мындан башка да бул сууда ичүүгө мүмкүн болбогон нерселер толтура. Мисалы, таштанды ташташат, анан да иттердин, келемиштердин, малдын өлүгүн көрүүгө болот.

Балдардын, өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн бул сууну ичүү абдан кооптуу деп ойлойм. Ичүүгө мүмкүн эмес. Айла жок таза суу жок болгондуктан ичебиз", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Zhoro
2022-01-03 13:01:24
Супер инфө жүктөлгөн видеотасма эмнеге көргөзбөйт ? Оңолуп калаар 2030-жылдарга
+8
Nina.alex
2022-01-03 14:04:07
Zhoro,корунуп эле жатат сопсонун эле
+1
Tursunbaev1978
2022-01-03 14:24:21
Zhoro,интернетти текшер
+3
Tursunbaev1978
2022-01-03 14:26:47
Менин жеке оюум,мрамор ташты жууган ишканадан болуш керек,тийиштүү органдар,жергиликтүү бийлик текшериш керек,тез арада,дарыяны да ушунча булгашабы?
+9
Ela93
2022-01-03 14:31:18
Бизде жогору жакта эч нерсе жок эле ушундай агат кээде.
-4
Sajakat14
2022-01-04 04:50:30
Элдин иче турган суусу таза болуш керек. Ичип жаткан суунун тазалыгы элдин ден соолугу.
+4
Nursul
2022-01-04 11:22:06
Суунун башына чейин барып эл өзүңөр карап коргонунор эрте болот менимче, тийиштүү органды күтүп отургандан көрө.
+1
shankol88
2022-01-04 17:39:47
Туура 2,3 клометр жогоржак тазза агып жатат,азмаз жогорраак барып кайерден ак болуп жатканын тартып койбойпсда...
0
didu
2022-01-04 18:44:00
Зеерикпей ойдорак чыгынчы тутасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан