Орусиянын Кремль сарайында достук мамиледеги жана өнөктөш мамлекеттердин ири концерти өтөт. Мындай маалымат Кремль сарайынын расмий сайтына жарыяланды.
"Концертке Кыргыз өлкөсүнүн, Өзбекстандын, Европанын жана Азиянын эң популярдуу артисттери катышат. Программада убакыт сынагынан өткөн хиттер, жылдыздуу дуэттер жана жагымдуу сюрприздер көрүүчүлөрдү күтөт", - деп жазылат билдирүүдө.
Гала-концерттин артисттери: Озода Нурсаидова, Жеңишбек Жумакадыр, Мирбек Атабеков, Дөөлөт Сыдыков, Нурчолпон, Светлана Назаренко, "АКЦЕНТ" тобу, Рэй Хортон, "Шайыр апалар" тобу, "Улуу көч" фольклордук тобу катышат.
Мындан тышкары концертке конок катары балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, альпинист Эдуард Кубатов, ишкерлер Денис Гайворонский, Чолпонбек Акматов, Жумадыл Эгембердиев, Сайкал Асылбекова, Асел Сыдыкова жана Чолпонбек Жумашүкүров катышат.
Концерт 15-январда өтөт.