Талас облусунун Үч-Эмчек айылында жыйылган чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Үч-Эмчек айылында жыйылган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 00:35те Талас райондук №101 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 03:10до чектөөгө алынып, 04:33тө толук өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.