Футбол: Лионель Месси Дэвид Бекхэмдин клубуна өтүшү мүмкүн

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун атактуу чабуулчусу Лионель Месси "Интер Майами" клубуна өтүшү мүмкүн. Мындай маалыматты чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу Дэвид Бекхэмге таандык клуб менен 2023-жылы келишим түзүшү мүмкүн. Буга чейин Месси Майамиде кыймылсыз мүлккө ээ болгону кабарланган.

Эске салсак, Месси "ПСЖ" клубуна 2021-жылы жайында өткөн. Француз клубунун курамында Лионель Месси Франция чемпиондугунда жалпы 11 оюн өткөрүп, анда ал бир гол киргизип, төрт жолу голдук пас чыгарып берген. Ал ошондой эле Чемпиондор Лигасында 5 оюнга катышып, 5 жолу гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ansar
2022-01-03 19:04:23
Азыр эрте! Ойной турсун дагы.
+2
bayern-munchen
2022-01-03 21:13:32
Ansar,айтып койойунбу эрте деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан