Ысык-Көлдүн Тепке айылында эки мектеп окуучусу сабалды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылында эки мектеп окуучусу сабалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 1-январда Ак-Суу РИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан Тепке айылынын тургундары 2006-жылы төрөлгөн Б.М. жана Т.А. денелеринен жаракат алышып, көрүнүп кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн.

Териштирүү учурунда Тепке айылынын 15 жаштагы 2 тургуну 31-декабрь күнү болжол менен кечки саат 20:30 чамаларында суу алууга бара жатканда айылдын четинен белгисиз балдар чакырып алышып, эч себепсиз сабап салгандыгын жабырлануучулар билдиришкен. Жабырлануучу өспүрүмдөр ата-энелеринин катышуусунда арыз жазуудан баш тартышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн денелерине залакат келтиришкендер коңшу Курбу айылынын тургундары экендиги аныкталган. Учурда Ак-Суу РИИБи жана акимчиликтин өкүлдөрү тарабынан Тепке жана Курбу айылдарынын тургундары менен жолугушууну уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан