Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн “Маданий борбору” алкагында республикалык деңгээлде шахмат боюнча турнирдин ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шахмат федерациясынын президенти, Каракол шаарынын тургундары, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Турат Акимканов жана Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев катышты.
"Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатат. Алдыңкы катышуучуларга сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылмакчы", - деп билдиришти мэриядан.