Чүй облусунун Аламүдүн районунда таксистти карактоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган таксист А.К. Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылдын 31-декабрда болжол менен саат 02:00 чамаларында Бишкек шаарынан бейтааныш 3 бала такси чакыртышып, Аламүдүн районунун Восток айылына жеткирүүнү айтышкан. Белгиленген жерге жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну коркутушуп, кур менен муунтушуп, уруп-согушуп, бычак менен коркутушуп, автоунаасын жогорудагы балдарга саткандыгы тууралуу тил кат жаздырып алышкан. Кийин айдоочунун колу-бутун байлашып, автоунааны жана айдоочунун телефонун алышып, окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин айткан.
"Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси "Каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынан 2002-жылы туулган К.Н., Н.Н. жана 2004-жылы туулган М.М. аттуу жарандар кармалышкан. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Уурдалган автоунаа Ысык-Ата районунун аймагынан табылган. Шектүүлөр жогорудагы автоунааны ортомчу аркылуу сатууга аракет кылып жатышкан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.