"UFC" уюмунун оор салмактагы чемпиону Фрэнсис Нганну профессионалдык бокско чыгууну каалаарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
"Бул баары бир болот. UFC'де калсам да, бокс менен алектенем. Биз жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганда бокска байланыштуу пункт болушу керек, анткени мен өзүмдү бул спортсуз элестете албайм", - деген Нганну.
Фрэнсис Нганнунун акыркы беттеши 2021-жылдын март айында болуп, анда Стипе Миочичти техникалык нокаут менен жеңген. Эми Нганну 2022-жылдын 22-январында оор салмактагы убактылуу чемпион Сириль Ган менен беттешет.
Фрэнсис Нганну "UFC" уюмунда өтө кубаттуу соккусу менен белгилүү.