Өлкөнүн социалдык мекемелеринде тамак-ашка болгон бир күндүк чыгымдын баасы 2 эсеге көтөрүлдү

2022-жылдын 1-январынан баштап бардык социалдык мекемелерде тамак-ашка болгон күнүмдүк акчалай чыгымдардын баасы 100 пайызга көтөрүлдү - бир кишиге 110 сомдон 220 сомго чейин. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-январда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусундагы социалдык мекемелерге барып бейтаптардын жашоо-шартын, ошондой эле тамак-аштын сапатын текшерди.
Министрдин облустагы иш сапарында Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде жана Жалал-Абад шаарындагы "Ак-Жол" балдардын комплекстүү реабилитациялык борборунда болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында жылуулук менен камсыздоо нормалары, борборлордо болуу шарттары талапка жооп берери жана белгиленген мекемелер тамак-ашка болгон күнүмдүк акчалай чыгымды эки эсеге көбөйткөн.
Сузак районунун социалдык стационардык мекемесинде тамактануу нормаларын жаңы нормаларга ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатат. Мекеме жылуулук менен камсыз болуп, борбордогу оорулууларга турак-жай үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.
Министр Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусундагы социалдык мекемелердин жетекчилери менен болгон баарлашууда борборлор мамлекет тарабынан аныкталган нормаларды жана стандарттарды так сактоосу керектигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан