5-6-7-январда Каракол шаарында "Art жана Cool-Karakol" эл аралык кышкы жарманкеси өтөт. Анда республиканын булуң-бурчунан келген ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана кол өнөрчүлөрдүн экологиялык продуктулары коюлуп, балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, кеңири концерттик программа, оюндар жана сынактар болот.
Уюштуруучулар кабарлашкандай, эл аралык кышкы жарманке үч күн бою саат 12:00дөн 21:00гө чейин уланат.
"Каракол шаары КМШнын маданий борбору болуп жарыяланган, ага байланыштуу шаардыктарды жана аймактын конокторун эл аралык кышкы жарманкеге катышууга чакырабыз.
Биринчи күнү иш-чаранын расмий ачылышы болуп, андан соң өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгектери сатыкка коюлат, бал азыктарын атуу жана дегустациялоо, ошондой эле Кыргыз фирмалык шоколаддар коюлат. Сүрөт көргөзмөсү "Каракол: кышкы туризм. Энтузиазмдан экономикалык жана маданий феноменге карай жол" жана "Жаным Каракол" фотозонасы иштей баштайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Биринчи жана кийинки күндөрү кол өнөрчүлөр менен мастер-класстар жана байгелүү сынактар, кыргыз, орус, өзбек, казак, татар, уйгур ашканасынын кулинардык азыктарын жана тамактарын сатуу, сүрөт көргөзмөсү жана прикладдык искусство объектилерин сатуу пландаштырылууда. Майрамды Кыргыз өлкөсүнүн элдик бий ансамблдеринин, чыгармачыл этностук топтордун, казактардын "Жети-Суу" ыр ансамблинин, "Станица" казак элдик хорунун катышуусу менен коштолгон концерттик программа толуктайт. Үчүнчү күнү иш-чаранын расмий жабылуу аземи болуп, жарманкенин катышуучуларын сыйлоо менен аяктайт.
Уюштуруучулар - Каракол шаардык мэриясы, Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы.