Президенттик "Үмүт" стипендиясы өз ээлерине тапшырылып, көптөгөн студенттерди кубандырып жаткан учуру. Аталган стипендияга жалпысынан 80 студент ээ болду. SUPER.KG порталы стипендиаттардын бири Ай-Данек Момунбекова менен байланышып, ийгилиги тууралуу маек курду.
- Сыйлыгыңыз кут болсун. Алгач эле өзүңүз тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.
- Мен Ай-Данек Момунбекова, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынан болом. 2000-жылы 13-декабрда төрөлгөм. Мектепти да ушул айылдан 2018-жылы аяктагам. Азыркы тапта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде 4-курста окуйм. Быйыл бүтүрүүчү курсмун.
Бул факультетти өзүмдүн каалоом менен тандагам. Апам көп тил билишимди, чет мамлекеттерди көп кыдырганымды каалачу. Ошол себептен Бишкек мамлекеттик университетине Лингвистика жаатына алып барганы эсимде. Бюджеттик негизде өткөм. Бирок айтканымдан кайтпаган өжөрлүгүм менен азыркы окуп жаткан факультетке тапшыргам. Себеби кичинекей кезимден эле мамлекеттик кызматта иштегим келчү. Анткени атам өзү мамлекеттик кызматкер, пенсия курагына чейин айыл өкмөтүндө иштеген. Мен үчүн мамлекеттик кызматкер - ак эмгеги менен адал иш жасаган инсан катары кичинемден эле аң-сезимимде калыптанып калган. Буюрса, окууну бүткөндө магистратурага тапшырып, катардагы эмес, өз ишинин дасыккан адиси катары өлкөмө кызмат кылсам дейм.
- Президенттик "Үмүт" стипендиясын кантип алып калдыңыз?
- Президенттик “Үмүт” стипендиясы тууралуу 2018-жылы уккам. Себеби мен окуган факультеттен 2018-жылы Айнек Каныбекова деген эже да алган болчу. Ошондон тарта "Президенттик стипендияны алам" деп максат койдум, себеби президенттик стипендия бардык студенттердин эмес, жакшы окуган, коомдук иштерде мыктылыгын көрсөткөн алдыңкы студенттердин кыялы. Ошол мыктылардын арасынан суурулуп чыгуу үчүн убактымды туура пайдаланып жакшы окуп, окуган кесибиме байланыштуу конференцияларга катышып, доклад, илимий макала жазып, коомдук иштерге жигердүү катыштым.
Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колунан алып жатканда толкундануу, сыймыктануу сезимдери болду. Ошону менен катар чоң жоопкерчилик да алгандай болот экенсиң. Себеби "өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын, силердин колуңарда" деп ажобуздун өз сөзүндө айтканын аябай жүрөгүмө жакын кабыл алдым. Алган “Алкыш” баракчабыз жана стипендия бул бизге берилген стимул. Мындан да жакшы болууга шыктануу берет экен. Тапшырып жаткан учурда ажобуздун "Сыйлыгың кут болсун, кызым" дегени өзгөчө жагымдуу угулду. Атамды эстеп кеттим, оюмда азыр атам түз эфир болуп көрүп жаткан болсо, көздөрүнө жаш алмак болсо керек дедим.
Ал эми стипендия 50 миң сомду түзөт. Окуума эле керектейм, толук сарптай элекмин.
- Аталган стипендияга ээ болуу үчүн студенттер эмнелерге көңүл бурушу керек?
- Биринчи кезекте билим деңгээли каралат. Окуудагы баалары 1-курстан баштап жалаң “5” болушу керек. Айтып өткөндөй, окуп жаткан кесиби боюнча илимий иштери, докладдары, конференция же фестиваль, тегерек столго катышкандыгын тастыктаган сертификаттар, Олимпиада же спартакиадага катышып алган диплом, грамоталары эске алынат.
Бул боюнча билим берүү министрлигинин сайтында жана университеттин өзүндө маалымат берилет. Атайын жобосу бар.
- Мындан тышкары дагы кандай жетишкендиктерге ээ болдуңуз?
- Быйылкы жыл өтө жемиштүү жылдардан болду. Республикалык студенттер арасындагы илимий-практикалык конференциядан 3-орунду алдым, Түрк элдери арасындагы улуттук баалуулуктар боюнча фестивалга катыштым, “КМШнын эң мыкты студенти” аталып, 1-даражадагы диплом жана медаль менен сыйландым. Нарын ТВнын жыл тандоосунда “Жылдын мыкты студенти” аталдым. Баарынан сүйүндүргөнү, университетимдин жана кичи мекенимдеги “Ак-Талаа жаштары” бирикмеси ата-энеме "Ыраазычылык кат” жөнөткөнү болду. Себеби атам менен апам болбосо эч бир көзгө басар ийгилик жаратмак эмесмин. Кандай иш баштап, эмнеге катышпайын, кош колдоп, батасын берип жаткан ата-энеме ыракмат.
- "КМШнын эң мыкты студентти 2021" сыйлыгына да ээ болупсуз, бул тууралуу кеп салсаңыз.
- Эл аралык “Бообек” ассоциациясы тарабынан уюштурулган конкурс экен. Шергазы Чоткараев аттуу активист жигит аркылуу конкурс тууралуу билип калдым. Резюме жана жетишкендиктерим, сыйлыктарым тууралуу маалыматты камтып, онлайн түрдө катышкам. Август айында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде сыйлоо аземи болуп, 50гө чукул студент сыйландык.