Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна "Тез жардам" унаасы тапшырылды

Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна "Тез жардам" унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа президенттин демилгеси менен белекке берилди.
Аталган борборго берилген "Тез жардам" унаасы биринчи тез жардамды көргөзүү үчүн толук жабдуулар менен камсыз болгон жана негизгиси жүрөк оорусу менен кырсыкка кабылып оор жаракат алган инсандарга толук ыңгайлашкан.
Жалпысынан мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо тармагына аймактык ооруканалар үчүн 8 "Тез жардам" унаасын белекке берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан