Жалал-Абад облусунда үч күн аралыгында 14 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус аймагында 1-январдан 3-январга чейин жалпы 493 жол эрежесин бузуу фактылары катталган. Анын ичинен 14 айдоочу автоунааларын мас абалында, 160 айдоочу катуу ылдамдыкта, 5 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы, 14 айдоочунун жанында тиешелүү документтери жок болсо, жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 300 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 30 автоунаа атайын айып короого токтотулган.