3-январь күнү Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында чектеш Өзбекстан Республикасынын Мархамат районунан Өзбекстандын жараны Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенде жергиликтүү тургундар тарабынан кармалгандыгы боюнча маалымат келип түшкөнүн билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя 3-январда саат 11:38де Араван РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Араван райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыкканда төмөндөгүлөр аныкталган:
"3-январь күнү саат 02:40 чамасында УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери кайтарган тилкеден Өзбекстан тараптан белгисиз үч жаран Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын көздөй келе жатышканын байкаган. Алардын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүп кирүүсүнө бөгөт коюу максатында токтодеп аларга карай басканда белгисиз үч жаран кача баштаган. Чек ара кызматкери бирөөсүнүн артынан кубалап жѳнѳгѳн, чек араны мыйзамсыз өтүп бараткан белгисиз жаран качып баратып жардан секирип жыгылып түшкөн, аны кармаганда бети-башы кан болуп денесинен жаракат алганы, кармалгандыгы жөнүндө акт түзүлгөнү аныкталган. Бул окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде жергиликтүү тургандар менен милиция кызматкерлери биргеликте уюштурган түнкү күзѳттѳ тургундар чек арачыларга жардамга жетип келишкен. Ал учурда калган эки шериги кайра Ѳзбекстан тарапка кирип кетүүгѳ үлгүрүшкѳн.
Кармалган учурда жарандын жанында аты-жөнүн аныктоочу документи болгон эмес. Аты-жөнүн аныктоодо, ал Өзбекстандын Фергана облусунун тургуну 38 жаштагы И.У. экендиги аныкталган.
Окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, фото-тизмеси түзүлгөн. Күбөлѳр суралган. Кармалган Өзбекстандын жараны У.И.га соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
4-январь күнү арыз менен Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылынын 59 жаштагы тургуну С.З. кайрылган. Ал арызында 2021-жылдын 17-декабрь күнү өзү жашаган үйүнүн короосунан 4 баш малын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген.
З.С.нын арызы Араван райондук ИИБдин КБРнин МЭЖне катталып, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну 38 жаштагы И.Унун тийиштиги бар же жоктугун аныктоо, ошондой эле шериктерин тактоо боюнча ыкчам-тергѳѳ иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ал эми Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун тургуну 1984-жылы туулган И.У. денесинен алган жаракаты боюнча 3-январь күнү түнкү саат 02:40 чамасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүп бара жатканда Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлери аны байкап калганда караңгыда алардан качып баратып жардан жыгылып түшүп денесинен жаракат алгандыгын, аны эч ким урбаганын жана арыз жазуудан баш тартканын билдирген", - деп жазылат маалыматта.