Сүлүктү шаарынын тургундары мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралдарды милиция кызматкерлерине тапшырышты


Сүлүктүдө 2 тургун өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарды милиция кызматкерлерине тапшырышты. Бул туурасында Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери тарабынан "Арсенал" иш-чарасы өткөрүлүп, каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарын, жардыруучу, уулуу зат сакталган кампалардын сакталуу эрежелери текшерүүгө алынды.
"Жалпысынан 400гө жакын кожолук текшерилип, ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган жарандарга 134-берене (ок атуучу, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу) менен бир жаранга протокол түзүлдү. Мындан сырткары Сүлүктү шаарынын 2 тургуну мыйзамсыз сактап жүргөн 2 сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан